www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир туугандардын балдары баш кошсо боло берет деген Максат ажынын улутка карата кылып жаткан кыянат билдирүүсү боюнча президентке КАЙРЫЛУУ:

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Суук маарекеде мал союлбасын деген жарлыгыңыз, бул сиздин өз элиңизге чын дилиңизден күйгөнүңүз, элим деп иштеп жатканыңыздан кабар берет. Кыргыз тарыхында деп жазып койсом да жаңылбайт болушум керек, мындай кадамга эч ким бара албай келген.

Өлгөн жакындарыбызды мал союп, казанга этти толтуруп шакыратып кайнатпай, аза түшүп турган үйдү өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып материалдык жактан карызга батырбай, жөн эле куран окуп, эскерип сыйласак болбойбу? Андан калса, мүрзөсүн тазалап, гүл коюп орустардын жакшы адатын колдонсок деле сыйлаганыбыз болуп эсептелет да.

Садыр Нургожоевич! Эми дагы бир маселе бар, көпчүлүк элге тынчтык бербей келген. Бул - дин маселени. Дин маселеси тууралуу сөз козгоп койсоң эле, айтып жаткан сөзүңдүн тээ түпкү маанисин чакпай турушуп эле, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан тарбиясыз чаламолдо динбузарлар чыгышат, туш тараптан мени талап.

Талап чыгышмактан, мени жиликтеп бөлүп алышса да жазбай тынч олтура албаймын.

Дин маселесине чектөө болбосо, динчилдер шымын чечип баштарына кийип алары адамзаттын тарыхында далилденип бүткөн. Өз ойлоруна койсок, булар бул дүйнөдөгү жашообузду адам сыяктуу жашоого мүмкүнчүлүк беришпейт.

Уккан адамдын төбө чачын тик тургузган, өздөрүнүн кийиз китебинде жазылган шумдук жашоо нормаларын бизге таңуулашат. Булардын айтканы менен жашай турган болсок, башыбызды көтөрүп асманды тиктей албайбыз, себеби таскак дешет.

Эңкейип жерди тиктеп баса турган болсок-аскак дешет. Жаңы жылды майрамдаба; туулган күн өткөрбө; аялыңды сенден башка көрбөш керек, ошон үчүн акушерге көрсөтпө; ЗАГСга барбай молдого нике кыйып үйлөнө бер; аялың боюнда болсо учетко тургузба; төрөгөндө үйдө төрөсүн деген сыяктуу жапайы закондорду дал ушул арабкулдар ойлоп табышкан.

Мына эми, элдин баары: «Максат ажы» дешип, этегине намаз окушуп пайгамбар кылышкан аалым сөрөйүнүн сүйлөп жаткан сөзүн карагыла:

-Ташмат менен Эшмат бир тууган болсо, экөөнүн балдары үйлөнсө боло берет экен. Патма, Зуура эгиздердин балдары да баш кошуп жашаса куранда макул дешет имиш. Ушул кантип болсун?

Бир жактан алтын казып, цианидден манкурт адамдар төрөлүү коркунучу ар дайым ойлонтуп келсе, эми бул молдочалыштар элди бул жактан манкурт кылгылары келип жүрөт. Кыргызча бул сөздү кандай аталышын билбейт экем, бирок, орустар Максат ажыга окшогондорду изварщенец деп коюшат.

Илгери таптакыр укпаган: атасы кызын кордоптур, агасы карындашын зордоптур деген ыплас окуялар акыркы жылдары бизде көп болуп жатат, мусулман өлкөсү экенибизге карабай. Мындайды биз европалык арам жашоодон келген адат катары көрүп адашып жүрөбүз. Чындыгында дал ушул Максат ажыга окшогондор алып келип жатышат.

Ошондуктан:

1.Мечиттердин көбөйүп кетишине тыйуу салыныш керек. Андан көрө садик, мектеп, спорт залдарды куралы.

2. Мектеп жашындагы балдарды динге аралаштыргандар, мечитке сүйрөп алып баргандар жазага тартылсын. Ар ким өз баласын үйүндө куран окутуп, мусулманчылыкка тарбиялай берсин. Балдар билим алыш керек. Өсүп жетилип чоңоюшкандан соң өздөрү тандасын: ученый болобу же молдобу.

3. Самсаалап даабатка чыккандарга да катуу тыйуу салынсын. Кимдер чыгат даабатка, кандай адамдар, өтүмүшү кандай экенин баарыбыз билебиз. Ыймансыздардын башкаларга ыйман сабагын өткөнгө акысы жок.

4. Динчил адамдар саясаттка барышпасын. Парламентте бүгүнкү күндө олтурган тилинен чаңы чыгып, бирок дили булганган бир-эки молдочалыштар: же саясатты тандасын, же нары барып аалымдыгын кылышсын.

5. Мектепке единый школьный форма кийгенге, мугалимдерди сыйлаганга үйрөтүшүбүз керек.

6. Умра, ажылык сапарларын да караштырыш керек. Умрага, ажылыкка барышып акчаларын Араб өлкөлөрүнө таштаганча, ошол акчаны колу жокко жардам берсе миң эсе сооп болмок. Ажыга барып келген адамды эмес, бир жетимди жетилтип жардам берген инсанды даңазалап үйрөнүшүбүз керек. Ажыга уурусу, туурусу, адам өлтүргүчү, бывший алкашы, элдин канын ичкен коррупционери деле барып жатпайбы. Кимге пайда?

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Дин маселеси өтө назик маселе болуп, мурдагы президенттер ошол чаламолдо динбузарлардын добушу үчүн эч бир чечимге келе албай, кандайдыр бир аракеттерди жасап келишкен.

Сизди ансыз деле өлкөнүн 90% эли колдойт. Сиз эч качан кандайдыр бир бөлүнгөн топтун: батышчылдардын, араб кулдардын жалган оппозициячылдардын добушуна көз каранды эмессиз. Сиз, жана досуңуз Камчы Ташиев экөөң, элдин сынак мөөнөтүнөн достойный өтүп алдыңар. Мындан нары биз силерге толук ишенебиз. Көңүлүбүз ток болду.

Болгону, Кудай эки доско бекем ден-соолук, узун өмүр берсин. Ал да биздин бактыбыз үчүн десем жаңылышпайм.

Ошондуктан, коркпой эле дин маселесине көңүл бөлүп, аша чапкан жерлерин кыркып бериңиз. Биз миң айткандан көрө, сиздин оозуңуздун жели күчтүү экен.

Адам өткөндө мал союлбасын, салтты кыскарталы деп какшап да тыя алган эмеспиз. Мына, сиздин ручканы бир шилтеп койгонуңуз менен аалам Гүлстан болду.

Дагы бир жолу аракет кылып, светтик өлкөдө жашагысы келген 80% элдин суранычын аткарып коесуз деген үмүттөбүз.

Эске салсак, акыркы учурда ырчы Гүлнур Асанова коомчулукка ар кандай диний көз караштагы терс маалыматтарды айтып, элди дүрбөлөңгө салууда. Анын айтымында, кыргызда эки бир туугандын балдары үйлөнсө болот. Эл арасында бул тууралуу ар кандай эки анжы пикирлер айтылып, талаш-тартышты жаратууда.

P.S Коомчулукту мындай дүрбөлөңгө салган Асанованын бул аракети боюнча атайын күч органдарына кайрылуу максатында кол топтоо иштери жүрүп жатат.

Шамурза Бөрүкулов, жарандык активист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости