www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы аскердик абалга байланыштуу 18-60 жаштагы эркектерди өлкөдөн чыгара албай турганын Львов бажысынын башчысы Даниил Меньшиков билдирди.

«Украинанын 18 жаштан 60 жашка чейинки эркек жарандарына биздин мамлекеттен чыгууга тыюу салынат. Сураныч, паника жаратпаңыз жана өз алдынча чек арадан өтүүгө аракет кылбаңыз!» - деп билдирди Меньшиков.

Белгилей кетсек, Украинада башталган орус аскерий операциясынын фонунда өлкөдө аскердик абал киргизилген.

24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны «деназиялаштыруу жана демилитаризациялоо» үчүн аскерлерди киргизе турганын билдирди. Андан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен мамилесин үзүп, кийин өлкөдө жалпы мобилизация жарыялады.

Ал эми бүгүн, 25-февралда эртең менен окуяга күбө болгондор Киевге ракеталык чабуул жасалганын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости