www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тирүүсүндө калкына кадыры бар адам, өлгөндө да кадырланып көмүлөт. Кимдин ким экени өлгөндө да билинет. Мындай пикирин акын Гүлжамила Шакирова билдирди.

«Кимдер келип, кимдер кетпеген дүйнө...

Калкагардай калк сыйлаган адам бу дүйнөдөн кетип жатса, кара ашынан ысырап болот, деп малын аяп олтурган кыргыз, көр дүйнөнүн кулу эмей анан ким?

Кеп ал жерде, эт жеп алып баса берүү эмес, өсүп-өнгөн адамдын, куда сөөгү, карым-катышы деген болот. Калкагардай адам кайтпас сапарга кетип жатат, топурак салып, расмиси менен наркка таяп, узатып коёлу деп, алыс-жууктан келгендер болот.

Кыз-келиндер заңкылдата кошок кошушуп, даңазасы айтылат. Анан ал жерде өлгөн адамдын зыйнатын, тирүүлөр тамак үстүндө, маркумдун дүйнөгө кандай келип, кандай жүрүп кетип жатканын кеп кыла олтуруп узатышат. Өлгөндүн зыйнаты көмгөндө билинет деген.

Эгерде ошондой жашоого татыксыз, эч ким менен катышы жок маркумдар да болот. Ар ким шартына карап көмүлөт. Шарты жокту, мал сой, сойбо деп эч ким зордобойт. Ар кимдин жашоодогу адамдар менен болгон мамилеси, карым-катнашы да эске алынышы керек.

Тирүүсүндө калкына кадыры бар адам, өлгөндө да кадырланып көмүлөт. Кимдин ким экени өлгөндө да билинет. Балдары мал сойбосо, башкасы соёт.

«Кемпирди өлгөндө көр, келинди келгенде көр» - деп, карыя кишини узатуунун да өзүнчө шааниси болгон. Азыркы араб идеологиясынын кылганындай, үзүлгөндөн алты сааттан кийин, ит өлгөндөй кылып, арыдан бери өлүктү көмө салып баса берген эмес нукура кыргыздар.

Эки сутка боз үйдө, сөөктүн башына чырак жандырып коюп, анын басып өткөн жолунан жакшы жактарын айтып эскерип олтурушкан. Андай кылбай, берекесин кетирип, пейилин тарыткандарды, көргөндө, илгери даанышман олуялар меселдетип айткан экен: «Каптап келсе кара жут, малың токой чымчыгы, үйрүлөсүң үйүм деп, үйүң токой чырпыгы. Каарына алса Жараткан, бир заматта кылып коёт кылчуну!» - деген экен.

Мындан беш-алты жыл мурда да ушинтип безилдеген айрымдар, өлгөндөн малын аяп пейилдерин тарытып, курутуп баштаганда, Ош облусунун кайсы бир районунда туура эмес ийне сайылды деп, 3000ден ашык кой бир күндө кырылып калган.

Ат-Башыга ак жайдын күнү кар жаап ийип анда да 5000ден ашык кой бир күндө кырылып калган. Өлүктүн да өзүнүн расмиси болот, мен билгенден мурда айыл эли, маркумду өздөрү эле чыгымын көтөрүп чырдашпай эле узатып жүрүшкөн.

Деги Кудай эле сактасын, пейлиңден тап дегендей, болуп, бара-бара кыргыз эли өздөрү жоголуп кетпесе болду. Өлгөндөн аяган малың курусун, өзөктөн аяган ашың курусун! - дегенден башка арга жок», - деп белгилеген акын Шакирова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости