www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир туугандарга доомат

Токтогул районунун бир катар жергиликтүу депутаттары бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине укуктук баа берилбей жатканына даттанып, ишти ачык териштаруүнү камсыздоо өтүнүчү менен мамлекет башчысына, өкмөткө жана парламентке кайрылды.

Анда мурдагы вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев баш болгон бир туугандар мамлекеттик фонддун кирешелүу мүлктөрун, башкача айтканда гектарлаган жерлерин, кампаларын, мал сарайларын жана дүкөндөрүн мыйзамсыз ээлик кылып алышканы, карапайым калктын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыгын басмырлаганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Токтогул районуна суу сактагычтын эсебинен мамлекеттен жылына 70 миллион сомдун айланасында бөлүнгөн фонддун каражаттарын бөлүштүрүүгө дагы таасир этип, мыйзамсыз өткөн тендерлердин негизинде райондогу суу каналдардын, арыктардын жана суу чыгаруучу насостук станциялардын курулуштарына каралган каражат ортодон жок болуп кеткен фактылардын бети ачылбай жабылып жатканы кайрылууда белгилешкен.

Сарпашевдер муну кызыкдар күчтөрдүн аларга каршы атайын уюштурган курулай дооматы катары сыпаттап, укук коргоо органдары текшерип жатканын билдиришти.

Булак: Фабула
 

Последние новости