www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурунда Апсамат Масалиев парламент депутаты болуп турганда, анын уулу Исхак Масалиев жана күйөө баласы Эркинбек Матыев, дээрлик бир уядан үч депутат бар эле.

Орто жүздүн төрөсү Кунанбай баласы Абайга суроо салат экен:

-Эй, балам атадан кем туулган уул болот экен, атага тең туулган уул болот, атадан артык туулган уул болот экен. Сен өзүңдү кимисине кошосуң?-деп.

-Мен атадан артык туулган уулмун деп эсептейм .- дейт казакча мактанычка чалкып Абай.

- Эмнеге?-дейт Кунанбай.

-Сени бир билсе ушул аймак билет, ашып кетсе орто жүз билер. Мени бүткүл казак элинен тышкары кошуна түрк туугандар, күн Чыгышта жапан, кытай, күн Батышта орус, Европа бүт дүйнө билет.- дейт Абай. Ошондо Кунанбай:

- Мен болбосом сен ким болмок элең.- деген экен.

Мен ушул суроону Исхак мырзага койгум келип туру. Исхак мырза атадан кем уулбу, же атага тең уулбу, балким атадан артык уулдур? Исхак мырзанын ысымы эле төө көтөргүс Исхак Раззаковдун ысымы. Исхак Раззаковдун уулдары жөнүндө сөз болбогондон кийин, андан эркек тукум деле калбаса керек. Ал эми Турдакун Усубалиевдин баласы тууралуу, Тукең Кыргызстанды мыкчып турганда сөз болчу. Ректордун кабинетинде бутун учкаштырып, тамеки чегип отурат дешип. Албетте, ректор сөөмөйү менен эшикти көрсөтүп кубалап чыкмак. Анын атасы Кыргызстанды бийлеп турса, айласы жок тамеки чекмектен, арак ичип дардалаңдаса деле макул болмок да. Ошол бойдон Усубалиевдин баласы тууралуу кеп да болгон жок. Эми небереси Бишкек шаарында депутат болуп жүрөт.

Василий Сталин деген болгон, жыйырма жаштан өткөн соң генерал болуп, офицерлердин башына жумуртка коюп атканды өнөр көрчү экен да. Байкуш офицер төбөсүндө жумуртка турат, генерал Василий кокус жаза атып мээсин чачыратып ийиши да мүмкүн да. Сталиндин баласы эркелеп атса, алар да айласы жок туруп берет. «Мышыкка оюн, чычканга өлүм». Жумурткага атса башынан ылдый куюлат, тирүү калганы үчүн ага деле кайыл. Василий атасы Сталин өлгөндөн кийин аракка берилип жапжаш кезинде эле аркы дүйнөгө кетти. Ал өлдүбү, ит өлдүбү киши деле билген жок.

Аскар Акаевдин уулу Айдар тууралуу кеп кылсак, ал жездеси Адил Тойгонбаев экөө кир колдору менен криминалдык дүйнө менен эсептешип, мамлекеттеги салмактуу бизнестин барына көз артып, суктугунан атасынын кадыр-баркына шек келтирип, акыры өз туулган жеринен кубаланып чыкты. 

Ушуларга салыштырсак Исхак мырза айырмаланып турат. Апсамат Масалиевич бийликте турганда анын уулу Исхакты бийликке аралаштырган жок. Ал кристалдай таза адам болгондуктан андай сөз болушу мүмкүн эмес болчу. Аттиң, дүнүйө дейт экенбиз, ушундай таза адам президент шайлап алганда мамлекетибиз бутунан эбакта туруп кетип, камчы салдырбай кетмекпиз. Демократияны Акаев эмес Масалиев баштаган. Ошол демократиясы өзүнө жолтоо болду. Аны интригандар сатып кетишип, Кыргызстанды талап кетишти. 1995-жылы Масалиевдин жеңишин көз көрүнө көмүп салышты. Бирок, ал бары бир жеңди. Бир үй-бүлөдө үч адам атасы Апсамат Масалиев, баласы Исхак Масалиев жана баласындай болгон күйөө баласы Эркинбек Матыев депутат болуш, Гиннестин китебинде да жок. Исхак мырзанын таскагы оппозицияда чыкты. Эл аны колдоп келатат. Акаевдик заман кулаган соң ал Салык инспекциясына келип, бирок өзүн көрсөткүчө ордун алып коюшат. Бакиевдин «Ак Жолуна » мен деген партиялар туруштук бере албай өтпөй калышкан. Бир гана КСДП менен Исхак Масалиевдин Коммунисттер партиясы жеңип чыгышкан. Апрель революциясынан соң бардыгы коңулга кире качышканда Исхак мырза гана баш көтөрүп легитимдүү парламентти чакыруу тууралуу маселени кабыргадан койгон. Үсөн Сыдыков менен бирге Убактылуу өкмөткө каршы чыгып сыз жерлерге да отуруп келди. Бул анын кайсы  бийлик болсо да ийилип, бүгүлбөгөнү, атасынын баласы экендиги. Акыры анын кадыр-баркы бийлик тарабынан сезилип кызмат берүүгө мажбур болду. Демек, Исхак мырза атасынан кемби, атасына теңби же атасынан артыкпы, кандай уул? Исхак мырза атасына тете уул десек куп жарашчудай.

Эркинбек Матыевдин жубайы Айчүрөк, белгилүү партиялык мамлекеттик ишмер, республиканын эң таза жетекчиси Апсамат Масалиевдин кызы. Эркинбек Матыев Канышай, Айдана, Надина деген кыздардын атасы. «Камырдан караңгыда көз таап, кылды сууруп алган» Эркинбек Матыевдин жол башчылык жөндөмдүүлүгү, уюштуруучулук таланты зор эле! Эркинбек Матыев илим менен алек болуп келген. Арийне, замандын «дөңгөлөгү» менен кошо чимирилип 1 жана 2 чакырылыштагы парламент мүчөсү болуп келген. Чындыгы, бизге окшогон чакан мамлекетте ким түкүрсө да көрүнүп турат эмеспи. Эркинбек Матыев башкаларча кыйшалаңдабай өз фармацевтикасы үчүн тикесинен –тик туруп берди. Бийлик эгелери жөн гана киши эмес чагылбаган «жаңгакка» туш келгенин билишти.. «Жут» бийликтин даана гүлдөп жаткан учуру эле. Айыл элин баккан колхоз-совхоз, завод-фабрикалар таланып-тонолуп эл жакырчылыктын кырына жеткени менен, Акаев үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланат. 1995-жылы 5-февралда Эл өкүлдөр жыйынына 70, мыйзам чыгаруу жыйынына 35 депутат шайлоо округдарынан шайланып келип, өкмөттөрү чайнап-жей баштайт: А. Жумагулов, Б. Силаев, А. Матубраимов, К. Жумалиев, Ж. Ибраимов, А. Муралиевдин өкмөттүнөн соң, 2000-жылы К. Бакиев өкмөт башына келет.

Эркинбек Матыевдин марттыгы ченемсиз эле, ал үчүн кыйналган үй-бүлө болобу, чыгармачыл адамбы, же болбосо көчөдө жүргөн бир пендеби токтоп акчасын берип, ал-ахыбалын сурап, ар бир кыргыз үчүн күйчү экен. Эл депутаты катары өз шайлоочуларынын арыз, дооматтарын адилет карап, таза иш жүргүзчү. Ар дайым адамдар менен кичи пейил жакшы мүнөздө сүйлөшчү. Депутат кезинде Нарын облусу боюнча саламаттыкты сактоо тармагына көзөмөл жүргүзүү комитетин башкарып калат. Нарынга барганда ойго чөмүлүп, көз алдына эл турмушу, саламаттыгы, ал-ахыбалы, генофонду, келечеги, жаш муундардын жашоо турмушу көз алдына элестеп кыйналчу экен. Бийлик барган сайын элден ажырап өз арбайын согуп калды, элди кароого күчү жетпей барататдеген ойлорду айтчу экен.

Камкордугун эске алган №1 Университет шайлоо округунан шайлоочулары 2000-жылы Эркинбек Матыевди Жогорку Кеңештин депутаты кылып экинчи ирет шайлаган. Саясаттын ыпластыгынан оолак кармап эл үчүн кызмат кылышкан даанышмандардын эталондору: Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимовдун катарында дагы бир даанышман Эркинбек Матыев да бар. Анын даанышмандыгын көрө албагандар бар, бирок тарых бардыгын өз ордуна коюп койот. КРнын Коомдук илимдер академиясынын Академиги Эркинбек Матыев 40 жашында «КРнын саламаттыкты сактоо ишмери» ардактуу наамын алган. Англис, орус тилдеринде эркин сүйлөгөн. Эки жүзөдөн ашуун илимий эмгектердин, төрт монографиянын автору болгон. Кыргызстанда колго жакшы алынбай келаткан бийик тоолуу аймактагы табигый дарылык касиеттери бар булактардын сыры дүйнө жүзүнө белгилүү боло элек эле. Кыргыз фармациясынын негиздөөчүсү Эркинбек Матыевдин жан үрөгөн тынымсыз аракетинин алдында бул тармак тынымсыз өсүп турду. Кардарлардын көңүлүн таап, чоң мекемени өнүктүрүү үчүн кудай берген акыл-эс, күч –кубат, жогорку билим ошону менен бирге эң башкысы адамкерчилик мамиле керек эле. Мына ушул таза касиеттер ата-бабаларынан бери канында куюлушуп, келе жаткан уютку өз зыйнатын бергенине тарых күбө. Эркинбек Матыев дүйнө жүзүндө илимпоз окумуштуулардын арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ эле. Ошол кадыры менен чет өлкөлөрдү Кыргызстан менен тааныштырды. Бул мээримдүү, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш академик менен иш жүргүзүүнү каалаган миңдеген фирмалар болгон. АКШ, Чехия, Бельгия, Словакия, Франция, Германия, Швейцария, Польша, Венгрия, Румыния, Австралия, Түркия, Пакистан, Индия жана башка мамлекеттер менен алака жүргүзгөн.

Эркинбек Матыев фармациянын туу чокусунда жүрөм деп чиренбей, калыстыкка барып калайык-калк менен тил табышууга жетишкен. Үстү ылай менен жабылган жепирейген кичинекей тамдарды көрүп айдоочусун токтотуп, сумкасын ала түшүп үйгө кирип, үй ээси менен учурашып, ал-ахыбалын сурайт. Төрт баласы бар экен. Бизге жумуш жок дептир үй ээси. Балдарынын курсагын колу менен басып көрүп, «тишиңизди көрсөтүңүзчү» деп аялдын тишин текшерип, сумкасынан визитка, акчасын алып колуна кармата. «Балдарга витамин жетпейт экен, шаарга баргыла жардам берейин, сиз болсо догдурга көрүнүңүз» -деп жөнөп кетиптир. Артынан узата чыккан үй ээси, үйүнө кирип акчасын санаса 15 миң сом. Көргөн көздөрүнө ишенбей мындай кайрымдуу адамга ыраазы болуптур. Бул эл оозунан уккан аңыз, Эркинбек Матыевдин элге жасаган кайрымдуулугун бир үзүмү эле.

Ал эми шаарда болсо, жетим-жесирлер, кары-картаңдарга, колунда жок жаш үй-бүлөлөргө камкордугун аябай жардам берчү экен. Бишкек шаарынын Жумушчулар шаарчасында жашаган бир нече жарандардын үйлөрүнө телефон байланышын киргизип берген. Медициналык окуу жайдын мыкты окуган студенттерине стипендия берчү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости