www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку Башкы прокурор айым Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кетишине экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар экенин бүгүн, 16-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
- Ошол мезгилде Алмазбек Шаршенович Батукаевдин оорусуна жана өлкөдө криминалдык кырдаалдын курчуп кеткендигине байланыштуу бошотуу керектигин, баары мыйзам чегинде экендигин ынандырууга аракет жасаган. Мени бул иш боюнча сотко чакырыша элек. Эгер чакырышса, сөзсүз барып, баарын болгонун болгондой айтып берем, - деди Салянова.
Ал эми Салянова бул иш боюнча өзүн мурдагыдай эле күнөөсүз эсептээрин айтат.
- Прокуратура же сот оорулуунун ден-соолугу тууралуу документин текшергидей врач эмес. Бизде мындай укук жок. Эгер Атамбаев Батукаевдин акыбалы боюнча документти жасалма кылса, анда мыйзам алдында жооп бериши керек, - деп кошумчалайт Аида айым.
Аида Салянова буга чейин баардык жерде “мен Батукаевдин түрмөдөн бошогондугу тууралуу билген эмесмин, ал качан гана өлкөдөн чыгып кеткенде билдим”, -деп маалымат берип келген.
Эске сала кетсек, Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча ушул жылдын 3-июнунда камакка алынып, 15-августта үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg