www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу сунушталган мыйзам, Иеговолордун кызыкчылыгын коргоого багытталганы парламентте айтылды. Буга жергиликтүү элдердин арасындагы жаңжалдуу окуялар мисал келтирилүүдө.

Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы “Ар кыл маселелер” жыйынында каралган бул мыйзам долбоордо, аракеттеги мыйзамдын “жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу” деген жери гана өзгөртүлгөн. Тагыраагы алынып салынган. Ага ылайык, диний уюмдар борбордук дин башкармалыгында катталып, жер-жерлерде ишмердүүлүгүн жүргүзө беришсе болот.

Учурда дагы өзгөртө турчу 10 чакты чечимдер бар. Булар этап-этабы менен Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштала турганын демилгечилер билдиришти.

Анткен менен сунушталган мыйзамга каршы жогорудагыдай пикирин билдирген депутаттар да бар. Алар бул мыйзам долбоору Конституциялык беренелерге каршы келерин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости