www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
90-жылдары токсонду чамалап калган белгилүү жазуучу Аалы Токомбаев дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовго басма бети аркылуу кат жолдогон. Ал мезгилде, социалисттик мамлекет болсо да Кытай менен СССРдин ортосунда кара мышык аралап, бири-бирин жактырчу эмес. Аалы Токомбаевдин айтканы мындай эле «Манаска» шылтоолоп «Бээжин менен Кытайды чапканбыз» деп кайра-кайра айта бербейличи. Ошентип жатып Кытайдын жинине тийсек, мелт-калт турган Кытай толкуп кетсе, эмне болобуз деген ой камтылган.
Чыңгыз Айтматов көөнөрбөс мурасыбыз «Манасты» ааламга алып чыккандыгы деле туура иш болгон. Тарыхты кайда бурабыз, Токомбаевдин Кытайдан чоочулап турганы аксакалдык коркуу сезими болсо керек. Бир жарым миллиард эли бар килейген Кытай Кыргызстан үчүн бардык жагынан эсептеше турган коңшу, тарыхка үңүлүп, болгон окуяларды өзгөртүү да мүмкүн эмес эле. «Шибегени капка ката албагандай» эле Манастын Бээжинге жасаган жортуулун каякка катабыз? Учурда 4000 жыл карт тарыхы бар Кытай АКШка коркунуч туудура баштаган мамлекет. Кытай ушул тапта Вашингтонду көзгө илбей: “Биз эми деңиз державасы болдук, бул биздин заманыбыз, бул биздин деңизибиз” - деп турат. 1949-жылы Мао Цзедун башындагы коммунисттер генералиссимус Чан Кайши жетектеген улутчулдарды Тайванга сүрүп салып, өлкөдө өз бийлигин орнотот. Андан көп узабай Бээжин: “Элдик Боштондук Армия Кытайдын бардык территорияларын, анын ичинде Тибет, Шинжаң, Хайнан жана Тайванды бошотууга тийиш” деп жарыялайт.
Кытай мурдагы СССРдин Ички Монголияга таасирин токтотуп, Монголияга астейдил көңүл бурат. 1951-жылы Тибетти ээлеп, 1989-жылы Гонконгду Британиядан, Макаону Португалиядан кайтарып алат. Кытайдын бүгүнкү чек арасы географиялык жактан коопсуз. Монголия менен 4777 км. чек арасы Гоби чөлү аркылуу өтөт. Чөлдө оор аскерий техника жүргөндөй жол жокко эсе. Бирок чөлдө душмандын кол салганын алдын ала эскерте турган кубаттуу система жайгаштырылган. Ыраакы Чыгышта Кытай менен Орусияны дарыялар бөлүп турат. Төмөн жакта 100 миллион элдүү Манчжурия, өйдө жакта 7 миллион калктуу Орусиянын Ыраакы Чыгышы. Болочокто түштүктөн түндүккө миграция күчөп, Орусия менен мамиледе Кытайга күчтүү буроо болуп берет.
Кытай үчүн Гималай тоолорунун коюнундагы Тибетке жүгөн салуу маанилүү болгон. Анткени Гималай табият жараткан Улуу Кытай дубалы болгондуктан, Индия менен идеалдуу чек аранын милдетин аткарат. Эгер Кытай Тибетти көзөмөлдөбөсө, Тибет Индиянын сугун арттырып турмак. Индия Тибетти ээлесе, биринчиден, Кытайга түз жол ачылат. Экинчиден, суу башы болуп калат. Себеби, Сары дарыя (Хуанхэ), Узун дарыя (Янцзы), Меконг дарыясы Тибеттен башат алат. Бүгүн Кытайдын эли АКШдан беш эсе көп болгону менен сууну америкалыктардай эле керектейт. Бара – бара элдин жашоосу жакшырган сайын сууга болгон керектөө да өсөт. Кытай менен Тибеттин борбору Лхазаны туташтырган темир жол 2006-жылы ачылган. Азыр Шанхай менен Бээжинден Лхазага күнүнө төрт ирет жүргүнчү жана товар тарткан поезддер келип турат. Алар миллиондогон кытайларды отурукташуу үчүн да алып келди. Ушундай эле жол менен калкы түрк тилдүү Шинжаң да кытайлаштырып жатканы айтылат.
Синцзян автономиясы Монголия, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан жана Индия менен чектешет. Индияны кошпогондо калган өлкөлөр ШКУда болгондуктан Бээжинге коркунуч деле туудурбайт. Бээжиндин байыркы Жибек Жолду кайра жандандыруу максаты – өлкөнү географиялык туткундан бошотуу жана товар экспорттоочу жолду кыскартуу. Ал жолдун бир салаасы Пакистандын Гвадар портуна чыгат. Төрт жыл мурда портту пайдалануу боюнча Бээжин Исламабад менен 40 жылдык келишим түзгөн. Гвадар портуна чыгуу Кытайга канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн Бээжиндин Тынч океандагы коңшулары менен мамилесине назар салышыбыз лаазым. Чыгыш Кытай деңизиндеги газ куурларына жана элсиз Сенкаку аралына Бээжин да, Токио да ээлик кылууда. Кытай кемелери Чыгыш Кытай деңизи аркылуу Тынч океанга чыгам десе, жолунда Япония жана Бээжиндин амирине өтүүнү каалабаган Тайванды айланып өтүшү керек.
Түштүк Кытай деңизинде балык уулоо, пайдалануу, ээлик кылуу боюнча Бээжин менен Вьетнам, Тайван, Малайзия, Филиппин, Бруней арасында мунаса жок болгондуктан, Кытай Тынч же Инди мухиттерине чыкчу коопсуз транспорт жолуна муктаж. Кытайдын географиянын туткунунан бошонуп, Тынч жана Инди океандарына чыккан мамлекет болуу дымагы күч. Ошол максатты көздөп, Кытай өкмөтү Бирма, Бангладеш, Пакистан жана Шри-Ланканын портторуна олчойгон инвестиция салып, аталган мамлекеттер менен алакасын жакшыртууда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg