www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-март күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан НиязбековТалас облустук ички иштер башкармалыгына иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасын тапшырды. «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү унааны министрликке коомдук жарандар демөөрчүлүк катары кызматтык колдонууга беришкен.

«Унаа жарандардын көйгөйлөрүн жеринен чечүү жана алардын кайрылууларына ыкчам аракет кылуу максатында берилүүдө. Калкты укуктук жактан коргоп, коомдук коопсуздукту сактоодо мындан дагы жакшы иштөөгө күч-аракеттерди жумшагыла. Ар бир кайрылууга обьективдүү текшерүү жүргүзүп, ыкчам чечүү керек», - деди министр.

ИИМдин билдирүүсүгө караганда, буга чейин Талас облусунун бардык райондоруна милициянын көчмө кабылдама унаасы берилип ишке киришкен. Аймактагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө, алдын алууда жана социалдык абалды жакшыртууга аталган унаа өз кызматын ишке ашырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости