www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында уурулукка шектүү жарандар кармалды, деп билдирди бүгүн, 17-мартта Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

9-мартта Армейская көчөсүндө жайгашкан кампадан 72 жасалма шуба уурдалган. Алардын жалпы баасы 3600 долларга бааланган. Шубалар Россияга жөнөтүлмөк.

Ошол эле күнү жабырлануучу милицияга кайрылып, аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) менен катталган.

№4 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү катары 1997-жылы туулган К.Ж.ны кармашкан. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан тышкары башка шектүүнүн өздүгү дагы аныкталып, милиция кызматкерлери 1997-жылы туулган Н.Н.ны кармашты.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Н.Н. уурдалган шубаларды «Дордой» базарында сатып жаткан. Ал камакка алынган эмес, кылмышты жаап-жашырганы үчүн чакырууларга келип туруу милдети менен коё берилген.

Ошондой эле жашы жете элек дагы бир шектүү — 2003-жылы туулган Ж.М. чакырууларга келип туруу милдети менен бошотулган.

Милиция шектүүлөрдүн башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жогун текшерип жатат. Ага байланыштуу укук коргоо органдары шектүүлөрдөн жабыр тарткан же алар тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0(551) 102-180, 0(702) 106-020 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу байланышка чыгууну суранат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости