www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Нолэн Жонсон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевди экстрадициялоо боюнча «24.kg» агенттигинин суроолоруна жооп берди.

Ал Кыргызстан менен Американын ортосунда кылмышка шектүүлөрдү экстрадициялоо боюнча келишим жок экенин билдирди.

1-мартта АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Дональд Лу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугуп, Шадиевдин ишин талкуулаганын айтты.

«Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзам үстөмдүгү жаатында иштешүүнү колдойт, анын ичинде, АКШдагы жеке адамдар жана мүлктөр боюнча кызматташууну көздөйт. 2019-жылы Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллар коррупциялык акчасынын Кыргызстанга кайтарылып берилиши ошол милдеттенменин далили».

Жонсон кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иштерине байланыштуу суроолорго да жооп берип, өз өлкөсү Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барууга даяр экенин кошумчалаган:

«Көлбаев үчүн 5 миллион доллар сыйлыктын жарыяланышы, Матраимовго жана анын мүлкүнө каршы Магнитский санкцияларынын киргизилиши буга даярдыктын далили. АКШнын Федералдык чалгын бюросу, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү агенттиги жана Каржы министрлиги 9-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратура, УКМК жана Тышкы иштер министрлиги менен жолугушуп, Көлбаев менен Матраимов боюнча кызматташтыкты талкуулашкан. Бул кызматташтыкты улантуу үчүн кыргыз тараптын жообун күтөбүз».

Маалымат каражаттары Шадиевдин экстрадицияланышы боюнча маселеге 15-мартта президент Садыр Жапаров «Азаттыкка» маек бергенден кийин кызыга баштады. Анда Жапаров АКШ Камчыбек Көлбаев менен Райымбек Матраимовду айыптап, бирок АКШда качып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей, кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат деп сынга алган.

УКМК 25-февралда Шадиев боюнча АКШ бийлигине кайрылганын жарыялаган.

Аскарбек Шадиев – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен аны күнөөлүү деп таап, 2020-жылдын 10-июнунда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган.

Ал 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости