www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасындагы 2021-жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпысынан 39,1 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 60,0%га камсыздалган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Күйүүчү майлоочу материалдарга болгон орточо баалар түштүк аймакта – 42,0-45,3 сом/литри, түндүктө 39,9-40,9 сом/литри болууда. 

Республиканын айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында 2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүү Келишимине кол коюлган.

Келишимдин шарты боюнча, айыл-чарба техникасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясына нефтебазаларда жана май куйуучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын тийиштүү көлөмөдө топтоп, май куйуучу жайларда камсыз кылышы жүктөлгөн. 

Бүгүнкү күнгө карата нефтебазаларда жана май куючу жайларда 23,2 миң тонна дизель отуну бар.  

Жалпысынан республикада күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча абал туруктуу жана тартыштык күтүлбөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости