www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуулар бир жолу колдонула турган беткаптардын зыяндуулугун билдиришти. Окумуштуулардын айтымында, мындай коргоо каражаттары айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн. Портсмут университетинин кызматкерлери ушундай жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу The Conversation билдирди.

Окумуштуулар бир жолу колдонулган медициналык беткаптардан оолак болуу керек деп эсептешет. Чындыгында, COVID-19 пандемиясынын учурунда мындай продукцияларга суроо-талап кескин жогорулады. Чектөөлөр акырындык менен алынып, көчөгө көп адамдар чыкканда, тобокелдик жогорулайт: адистердин айтымында, күн сайын адамдарга миллиарддаган маскалар керек болот.

Адистердин айтымында беткаптарды көпчүлүгү туура эмес колдонуп, айлана-чөйрөгө таштандылар көбөйгөн. Ошондой эле жаныбарлар таштап кеткен бет каптарды жей башташы мүмкүндүгүн айткан.

Мындан тышкары, Улуу Британиянын окумуштуулары колдонулган беткаптар таштанды чогултуучуларга коркунуч туудурушу мүмкүн деп эскертет: Анткени COVID-19 алар аркылуу ыкчамдык менен жайыла баштайт.

Жогоруда келтирилген факторлорду эске алуу менен, изилдөөчүлөр бир жолку беткапты кийүүнүн ордуна, бир нече жолу колдонулган беткапты колдонууну сунуш кылышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости