www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 11-сентябрдан 18-сентябрга чейин жол кыймылынын эрежелерин бузууга байланыштуу 23 411 факт аныкталды.

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Алдын ала маалымат боюнча, аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен:
5 184 — тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу;
404 — автоунааны мас абалында башкаруу;
298 — унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу;
46 — автоээнбаштык;
1 856 — белгиленген ылдамдык чегинен ашуу;
12 630 — жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу.

Мындан тышкары, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 993 автоунаа убактылуу айып короолорго киргизилди.

ЖКККББ айдоочуларды жана жол кыймылынын башка катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырды.

Последние новости