www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Сабыржанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев «Азаттыкка» тастыктады.

Анын айтымында, Сабыржановдун иши башынан эле президент Садыр Жапаровдун жана Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө болгон.

9-сентябрда Измир шаарындагы сотто Эрмек Сабыржанов бошотулуп, мекенине кайтуусуна уруксат берилген.

Эскертке кетсек, 34 жаштагы Сабыржанов 22-майда Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда жубайы жана үч баласы менен Түндүк Кипрге бара жатканда кармалган. Ал Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына байланышы бар деген шек менен камакка алынган.

Сабыржанов 2014-жылы Түркиянын Измир шаарында билим алган. Түркия бийлиги «Хизмет» кыймылын ФЕТО — «Фетхуллачы террордук уюм» деп атап, 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине аны жана Гүленди байланыштырат. Гүлен жана анын тарапкерлери бул айыптоолорду четке каккан.

Буга чейин кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да ушул сыяктуу негизде Түркияда кармалып, сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Последние новости