www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ал күнү демейдегидей эле азык-түлүк алуу үчүн шаар ичиндеги чоң базарлардын бирин аралап жүргөм. Эмне деген шумдук?! Үч-төрт метр аралык алысыраакта бир жыл мурун бул жарык дүйнөдөн жоготуп алган күйөөм турганын көрдүм. Ал дагы соода кылып жатыптыр. Ооба, дал өзү… Мен дал болуп, дене боюмду калтырак басып, саамга өзүмдү жоготтум. Азык-түлүк толтурулган баштыгым колумдан кандай түшкөнүн билбей калыптырмын. Ал дагы мени көргөнсүп, бирок таанымаксан болуп шарт бурулуп кете берди. Артынан жөнөдүм. Ал ылдамдай басып, көпчүлүктүн арасына кирип баратты. Мен да артынан калбай «Бакыт, Бакыт!» деп катуу кыйкырып да алдым. Жетип барып колунан тарттым. Ал мени бурулуп карадды. Оо, Кудайым ай, мындай түспөлдөш адамды кантип жолуктурдум? Ойлобопмун. Ал Бакытка жөн гана опокшош башка адам экен. Мага суроолуу тигилди. Уялып кеттим.

– Кечиресиз, мен сизди бир адамга окшоштуруп….

– Аа карындашым, андай учурлар боло берет. Эч нерсе эмес.

Ал адам мага жылмая тигилип алып, жолун улап кетти.

Жол бою айланамдагылар таңгалып караганына карабай, көз жашым төгүп үйгө келдим. Бейтааныш адам кийип жүргөндөй Бакытымдын курткасы үйдө илинип турат. Анын курткасын кучактап, болгон бугумду чыгарып боздоп-боздоп ыйлап жаттым…

Айнура Бекирова

Последние новости