www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жыл өтүп 10 миллиард сом “взятканын” изи суудубу?

2020-жылдын башында “СкайМобайл” жана “Билайн” компаниялары «АйТел» компаниясынан жыштыктарды сатып алуу тууралуу келишим түзөт, бирок акыркы моменттерде жогоруда айтылган компания жыштыктарды сатпайм деп чалкасынан кетет. “Билайнга”, так айтканда компаниянын 49 пайыз акциясын ээлеп турушкан казактарга бул жагымсыздык туудурган. Ошондуктан, тоңуп турган музду жылдырып, аба сыяктуу керек болуп турган бул жыштыктарды сатып алуу үчүн бул жакка өзүнүн оюнчусу Абдумухтар Халдаровду кыпчыйт. Башында биздин өкмөт Абдумухтар Халдаровду кепек ордуна да көргөн эмес. Биздин каарман Абдумухтар Халдаровдо бир гана айла болгон, ал өзүнүн уулу Артур Халдаров ээлик кылган «Ала ТВ» компаниясынын жыштыктарын өзүнө алган. Бары бир бул компания чоң пайда алып келген эмес, ал эми анын артында атаандаш башка компаниялар жыштыктарды ээлеп алуу үчүн жутунуп турушкан.

Болуп турган көйгөйлөрдү тез аранын ичинде чечүү максатында Халдаровдордун үй-бүлөсү өкмөткө, дал өкмөт башчысынын өзүнө таасири тийип турган адам менен байланышууну көздөгөн. Ошентип, ортого арка бел боло турган, кадырлуу адамды салышат. Албетте, бул бекер болмок эмес. Халдаровдун үй–бүлөсү аны менен жакындан таанышып, жакшы таанышканы үчүн 10 миллиард сомду берген. Чынын айтыш керек бул пара эмес болчу, Халдаровдун үй-бүлөсүнүн «өз эрки» менен ага болгон сыйы болгон. Өтө акылдууларга кайталап кетишибиз керек, бул эч кандай пара болгон эмес, анткени Кыргызстанда коррупция «жок эмеспи». Коррупцияга каршы күрөшкөн акыйкатчыл адамдар эч качан пара алышпайт жана өтө ири суммадагы акча каражаттарына көмөк көрсөтүшпөйт! Бирок жакшылыкка жакшылык кылуу үчүн алар дайыма даяр. Ошондуктан, мындай «жакшылык кылгысы» келген адамдар кандайдыр бир жол менен өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге чыгышат. Мына ошентип, ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев керек болсо тендер өткөзбөй туруп «Ала-ТВ» компаниясынын жыштыктарын кандай баа болсо да алып берүүгө кепилдикти унчукпай моюнуна алат.

Премьер-министр кезинде Мухаммедкалый Абылгазиев Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп туруп айлыгы жыйырма эсе азайган Эркин Асрандиевди кантип вице-премьерликке көндүргөнүн айткан. Анткени, Жогорку Кеңештин депутаттары ал кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден вице-премьерликке талапкерлиги сунушталып жаткан Эркин Асрандиевди кантип ынандырганына кызыккан. Бул суроого жооп берип жатып Абылгазиев акча маанилүү ролду ойнобой турганын билдирип кеткен. Учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Верный капитал» жана «СкайМобайл» компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу cоциалдык тармактарда маалымат тараган. Буга байланыштуу өкмөт атайын маалымат таратып, жогоруда аталган компаниялар менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жолугушканын билдирген. Демек, канткен күндө да өкмөт өкүлү Кыргыз Республикасынын ал кездеги вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 2020-жылдын 15-майында «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору жана өнөктөшү Ерлан Оспанов жана «СкайМобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен «СкайМобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуусу өткөн. 

Миллиард сом оюнчук эмес. Жымшыган терлер ачылып, жыштыктар кыргыз калкы карантинде калтырап жатканда ит бекер акчалар чет мамлекетке самсый баштаган. Радио жыштыгын казак ишкерлерине сатуу боюнча, казактар миллиард сом пара беришкен. Буларды саткандардын алкымдарынын кенендиги түрмөнүн аянты менен эсептелине тургандыктан, бул иш билинип калып мурунку өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев ушул боюнча кызматынан кеткен. Бул ишти жакшы иликтебесе болбойт, анткени “Амир-полковниктин” да карааны жүрөт. Акча дегенде сайгак тийген уйдай дыркырашып, калайык–калкты бири–бири менен тытыштырып жиберүүдөн кайра тартышпагандар элдин эсебинен тез байлык топтоону эңсешип, кантип акча табууну эстегенде көз жаштарын көл кылышып муңканган аваздарда үн чыгарышат. Булар акчанын жытын жыттаса, Кыргызстанды кепекке теңеп жибериши мүмкүн. Учурунда 15 МГц үналгы жыштыктары аукцион аркалуу 1 миллиард 500 миң сомго бааланып сатылган. Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп туруп, 200 МГц үналгы жыштыктары 700 сомго саткан, мындан бир жыл мурун бул тууралуу элге белгилүү болуп калган. Ошол сатып алган казак ишкерлери менен 2020-жылдын 15-майында ал кездеги вице-премьер Эркин Асрандиев жолугушкан. Барынан кызыгы 700 сомго тооктун этин сатып жаткансып, мыйзам боюнча тиешелүү аукцион да өткөрүмүш болгон эмес. Аукцион өткөрүп коюшса деле аны ким билет эле, ич ара бүлкүлдөшүп, бир аз кымбатка болсо да сатышмак, бирок мыйзамдуулукка бир–аз жакындап калмак. Мамлекеттик бюджеттин акчасын коруй турган ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев үналгы жыштыктарынан өлкөнүн казынасына миллиардаган пайда түшөөрүн, эң жакшы түшүнүп турса да мыйзамды бузуп, аукциону жок, конкурсу жок Казакстандын компаниясына өткөрүүгө шалаакылык менен жол берген. Ушундай эле лицензиялар 900 миллион долларга сатылып, мамлекеттин бюджети миллиарддаган сомдорго кампая түшкөнү тууралуу да айтылууда. Ушунча зор суммага сатыла турган үналгы жыштыктары 700 сомго сатылса, бюджетке канча пайда түшмөк эле, балким кимдир–бирөөлөрдүн капчыгын кампайткандыр, ким пайда тапканы тууралуу коопсуздук органдары териштирип айтар. Ал эми ушул иштерди салмактап жаткан эксперттердин айтуусунда мамлекеттик бюджет 5 миллиард долларга зыян тарткан.

Жолугушуу учурунда негизинен «СкайМобайл» компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголгон. Ошондой эле салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланган. Анын ичинде салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роуминге жана резидент эместердин кирешесине КНС кошуу маселеси бар эле. Экс-вице-премьер-министр Эркин Асрандиев радио жыштыктар мамлекеттин активи болуп саналары жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын билдирген. 

Ала-ТВ кайсы бир учурда бул жыштыкты минималдык баада сатып алган, а бүгүн анын наркы алда канча жогору. Бул радио жыштыктар боюнча он миллиарддаган сом тууралуу болгон чуулгандуу окуя эл арасында катуу резонанс туудурган. Ал кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин убактылуу эс алууга кетип, андан ары «өз каалоосу боюнча» отставкага кетишине жол түзүп берген.

Жыштыктарды сатуу боюнча коопсуздук органдарынан уруксат документтерди УКМКнын бөлүмдүн начальниги Нурлан Момунов менен УКМКнын тыңшоочу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Марс Сыдыков кол коюшуп, бүтүрүп беришкен. Бул экөө тең ушул чуулгандуу окуялар боюнча кармалып жыштыктарды сатуу боюнча УКМКнын СИЗОсунда тергөөдө жүрүп издери сууду. Бул экөө ортодо бекер жерден камалып жаткан жери жокпу? Анткени, өтө таасирдүү адамдар мындай он миллиардаган акча бар оюндарга кийлигишпесе, булар кол коюп беришип тузакка түшөт беле? Ушул окуялар боюнча кармалган Артур Халдаров азырынча болуп өткөн окуялар боюнча чындыкты ачыкка чыгара элек сыяктуу. Балким ал боло турган сотто ачыкка чыгар.

Бул резонанс жараткан жыштыктарды сатуу боюнча чуулгандар ызы-чууга айланып, акыры өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди кызмат ордунан шыпырып түшкөн, анда түшпөсө бары бир 2020-жылы октябрда жок болмок экен. Андан тышкары ушул окуяга тиешелүү бир нече чоң мансаптагы адамдар тергөө берип жүрүшүп алардын да изи сууду. Учурда 10 миллиард сом кимдин капчыгына «лып кирип» орун алганы тууралуу аныктала элек. Жыштыктарды сатуу боюнча болгон окуяга бир жылдан ашык убакыт өтүп баратат, ал эмес эл алдында бардык кара боёктор сүртүлүп, жыштыктарды сатуу боюнча кызмат ордунан кеткен Мухаммедкалый Абылгазиевдин ордун бошотконуна да бир жыл болуп калды. Бул маселеге кызыккан адамдар ушул тарапка кулагын түрүп отурушканы менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөт башчысынан кетиши деле жыштыктарды сатуу боюнча тергөөнүн ишинин жылышына оң таасир берген жок. Эгер парага эмес, жакындан таанышуу үчүн берилген 10 миллиард сомдон ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өөнөп калганы чын болсо, анда эмнеге маалымат каражаттары аркылуу көпчүлүккө жарыяланбайт? Мухаммедкалый Абылгазиев менин ал жерде эч тиешем жок деп так кесе айта алган жок, кара булуттун бары анын башына айдалганы менен он миллиардаган сом унутта калып бараткандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости