www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" ишканасы 2020-жылдын ичинде республикалык бюджетке өзгөчө сандагы мамлекеттик номерлерге карата сертификаттарды сатуудан 70 миллион сомго жакын сумманы которду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

2019-жылга салыштырмалуу автоунааларга даярдалган номерлердин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номерлери даярдалган.

"2020-жылы автоунаага карата жалпы 360 миңден ашуун мамлететтик номер даярдалды. Алардын ичинен 11 миң 879 аукционсуз жана аукциондук мамлекеттик номерлер, 348 миң 201 номер Мамлекеттик кадр кызматына караштуу "Унаа" ишканасы үчүн өлкөнүн аймактарына андан ары тарткатуу үчүн даярдалып берилген", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости