www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарында сулуулук салонун жамынып алып, кумар оюндарын уюштуруп жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кара-Балтадагы Карл-Маркс - Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Лаванда" сулуулук салонун жамынып алып, онлайн кумар оюндарын уюштурган жер астындагы кумар клубу табылды. Тинтүү учурунда атайын программалык камсыздоо, акча жана башка нерселер менен компьютердик жабдуулар орнотулгандыгы аныкталды. Текшерүү учурунда кардарлар (оюнчулар) болгон", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости