www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колумбияда Cessna 206 учагы кыйрагандан алты жума өткөндөн кийин төрт бала жунглиден тирүү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда өлкөнүн президенти Густаво Петро билдирди.

Президенттин айтымында, иш-чара бүтүндөй өлкө үчүн кубанычтуу болду. Издөө иштери 40 күнгө созулду, бирок балдардын аман калышынан үмүттөрүн үзүшкөн.

Cessna 206 учагы 1-майда кулап түшкөн. Кырсык болор алдында экипаж авариялык сигнал берип, учактын кыймылдаткычы иштебей калганын билдирген. Учак 370 сааттан кийин табылган. Учакта жалпысынан жети жүргүнчү болгон.

13 жаштагы Лесли Якобомбер Мукутуи, тогуз жаштагы Солэни Якобомбер Мукутуи, төрт жаштагы Тиен Нориэль Роноке Мукутуи жана 11 айлык Кристин Нериман Раноке Мукутуи Витото жергиликтүү коомчулугунун мүчөлөрү. Туугандарынын айтымында, улуу балдар жапайы жаратылышта жашоо эрежелерин жакшы билишет. Сыягы, издөө-куткаруу топтору келгенге чейин аларга туруштук берүүгө дал ушул жөндөмдөр жардам бергендир.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости