www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн чыгышындагы масштабдуу табигый өрткө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Юрий Ильинди кызматтан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда билдирди.
Республиканын чыгышындагы Абай районундагы Батпаев токой чарбасында өрт 8-июнь күнү чагылгандан кийин башталган. Өрт өчүрүүчүлөр аны тез арада өчүрө алышкан эмес, анткени ал аймакка унаалар өтө албай калган. Өрттөн токой чарбасынын үч кызматкери каза болуп, дагы 11 кызматкер изделүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, өрттүн алдын ала аянты 60 миң гектардан ашты.
"Мамлекет башчынын жарлыгы менен Ильин Юрий Викторович Казакстан Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Бир күн мурда Токаевдин маалымат кызматы өлкөнүн чыгышындагы катуу өрткө байланыштуу казак лидеринин Вьетнамга 11-13-июнга белгиленген расмий сапары кийинки күнгө жылдырылганын кабарлаган. Президенттин Абай районуна барып, ыкчам кеңешме өткөрүп, кырсыктан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү чараларын көрөрү күтүлүүдө.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, өрт чыккан жерге ар кайсы ведомстводон 800гө жакын адис, 200гө жакын техника жана тогуз тик учак тартылган. Кырсык болгон аймакка башка аймактардан кошумча күчтөр жана каражаттар жөнөтүлдү. Өчүрүү жогорку температура, чоң күйүү аянты жана секундасына 10 метрге жеткен шамалдан улам татаалданууда.
Булак: NazarNews.kg