www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүздөгөн бейкүнөө адам мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шаар өрттөнүп-күйүп жатты. Адамдардын жүрөгүндө жууп кеткис кара так калды. Бул тууралуу УКМКнын учурдагы төрагасы, 2010-жылдагы Ош окуясынын чордонунда жүрүп, кырдаалды жөнгө салган Камчыбек Ташиевдин Менин тилегим" китебинде айтылат.

Төмөндө аталган китептен июнь традегиясын баяндаган үзүндү өзгөртүүсүз берилди.

Өткөн жылкы Оштогу улут аралык кагылышуу мени адам катары, Кыргызстандын жараны, кыргыз атуулу катары чоң кайгы-капага салды. Балким, башка саясатчылар сыяктуу бул окуяга алыстан көз салып, кайдыгер мамиле жасасам, каргашалуу окуянын чыгыш максатын, маани-маңызын мынчалык терең түшүнбөй калмакмын. Бирок мен анте алмак эмесмин.

Ош окуясы башталган күндөрдөн тартып анын канат жайып, от бүркүп бүт түштүк аймагыбызды кантип каптап кеткенин мен өз көзүм менен көрүп, аралашып, кайгы-капасын жүрөгүмдөн өткөрдүм. Окуя 10-июнь күнү түндө башталып, Оштун борбордук көчөлөрүнө чогулган өзбек улутундагы куралданган жаштар улутчул сепаратисттердин тукуруусу менен кыргыздарга кыргын салып, адамдын үрөйүн учурган мыкаачылыктарга, айбан жасабаган жырткычтык иштерге барышкан.

11-июнь күнү ошол кезде – биздин партиянын иши менен Ошто жүргөн азыркы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен байланышсак, ал дал ошол кагылышкан каргашанын чордонунда экен. Ал телефондон – куралданган улутчул өзбек сепаратисттери кыргыздарды аёосуз аткылап, кыздарды кордоп, шаардан сүрүп чыгарып жатканын, тез арада жетип келип, элге баш-көз болгула, бул апааттын алдын алып, токтотуу керек деди.

Биз Садыр Жапаров экөөбүз Бишкектен жөнөп, түнү менен жол жүрүп, таңга жуук Оштогу Фуркат айылына кирдик. Он миңдеген кыргыздар шаарга кире албай туруптур. Биз чогулган эл менен туш-тараптан атылган окторго карабай, шаардын борборун көздөй сүрүлүп жөнөдүк.

Шаарда расмий бийликтин аты-жыты билинбейт. Баары качып-тозуп же солдаттарга өздөрүн курчатып алып коркуп, чыга албай жашынып жатыптыр. Көчөдө куралчан сепаратисттер өз билгенин жасап жүрөт. Биз аларга – колубузга көтөргөн таяк, кетмен-күрөктөрүбүз менен каршы туруп, мизин кайтардык.

Ошол күнү түштөн кийин өзбек сепаратисттери жеңилгендерин моюнуна алып, карапайым эл менен кошо Өзбекстандын чек арасын көздөй качып жөнөштү. Жүздөгөн бейкүнөө адам мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шаар өрттөнүп-күйүп жатты. Адамдардын жүрөгүндө жууп кеткис кара так калды. Албетте, биздин баргандагы вазыйпабыз – эки элдин араздашуусун кандай гана жол менен болбосун токтотуу эле.

Кордук көрүп калган кыргыз жаштары да ар кандай аракеттерге өтө баштады. Бир жерге барсам, өткөн түнү жакындары зордук-зомбулук көргөн кыргыз жаштары эки өзбек аялын курчап алыптыр. Аялдардын бирөө жаш наристесин көтөрүп турат. Эмне кылып жатасыңар десем: «Өзбектер бизге адам көрбөгөн кордук көрсөтүштү, биз да бул аялдарды кордойбуз», –  дешет.

Мен: «Андай болбойт, карапайым аялдардын, жаш балдардын бул окуяга эч кандай тиешеси жок», – деп, көтөргөн баласын колума алып, өздөрүн жетелеп, топтон куткарып, жакын турган көп кабаттуу үйгө алпарып тапшырдым. Антпесек, зордуктун арты кордук болуп, өчөгүш өрчүй бермек эмеспи.

Оштогу каргашалуу окуяны тынчытууга, көзөмөлгө алууга аракет кылып жаткан чагыбызда каргашанын кабшабы Жалал-Абад шаарын каптай баштаганын уктук. Биз 13-июнь күнү Жалал-Абадка келдик. Өзбек сепаратисттери Жалал-Абад шаарынан он чакырымдай батыш тараптагы Ош-Бишкек жолу өткөн Топурак-Белди тосуп, эки жакка өткөн автоунааларды аткылап, өрттөп, адамдарды өлтүрүп жатыптыр деген маалыматты уктук.

Ушул жерде, негизинен, өзбек улутундагы мекендештерибиз иштеген пахтаны кайра иштеткен «Сампа» заводу жайгашкан. Ошондуктан бул окуя «Сампа окуясы» деген ат менен белгилүү болду. Жалал-Абад шаарынын четине Көк-Арт тараптан келген 20 миңдей кыргыз чогулуп, «Сампага» барабыз, андан ары өзбектер тыгыз жайгашкан Сузак айылына киребиз деп турган экен. Мага «Сампадагы» куралчан адамдардын кылмыштуу аракеттери тууралуу ушул чогулган эл айтты.

Мен чогулган элге кайрылып: «Сампага» мен өзүм барам, болгон окуяны ошол жерден билип, анан сиздерге так маалымат алып келем дедим. Алар «Сампадагы» куралчан адамдар сенин ким экениңди билибейт, алыстан эле атып салышат, барбагын, бизде так маалымат бар дешти. Мен элге: «Эмне болсом да мен барамын, силер ушул жерден жылбай мени күткүлө», – дедим да, айдоочумду, анан жаныма дагы бир адамды алып, – «Сампаны» көздөй жөнөдүм.

«Сампага» 200 метрдей жетпей машинени токтотуп, өзүм жалгыз түшүп, куралчан адамдарды көздөй басып бараттым. Чынын айтсам, басып бара жатып коркподум, элдин жүгү мойнумда эле. Барып, чынында эле «Сампадагы» куралчан адамдарды көрдүм, жолуктум, сүйлөштүм. Алардын көбү азыр түрмөдө отурат.

Мен аларга: «Эмне максатыңар бар, эмне үчүн жолду тосуп, адамдарды аткылап жатасыңар, токтоткула, элдин эртеңкисин ойлобойсуңарбы», – дедим. Мага өзбектер эч бир жаман сөз айткан жок. «Бир гана талабыбыз бар. Сузакты көздөй келаткан кыргыздарды токтотуңуз, ушуга кепилдик бериңиз, биз анан тарайбыз», – деди.

Мен: «Кепилдик берем, кыргыздар Сузакка өтпөйт, силер бул жерден кеткиле», –  дедим да, кайрадан машинаны көздөй жөнөдүм. Кайтып баратып эмнегедир коркунуч басты. Артымдан келип тийчү окту күтүп, тердеп чыктым. Машинага жетип, отуруп жүрүп кеткенче жаадырган ок качан жалмап кетет деген ойдо болдум. «Алладан ажал келбесе – адам өлбөйт», – дейт эмеспи. Аман-эсен келгениме чогулган эл да таң калды. Чогулган элге болгон окуяны айтып, тынчтандырып, Сузакка барбай калышты.

Ошол жерден түз эле темир жол вокзалына бардым. Ал жерде үч миңдей өзбек чогулуп туруптур. Алар мага: «Барпы тараптан келаткан кыргыздарды токтотуңуз, биз тарайбыз», – дешти. Мен аларга кепилдик берип, Барпыга бардым. Ал жакта беш миңдей кыргыз чогулуп, Жалал-Абадга өзбектер жашаган тарапка жөнөп бараткан экен. Мен аларды токтоттум.

Элге кайрылып: «Мен силер эмне айтсаңар жасап келдим, дагы да жасай берем. Ушу сапар менин сөзүмдү угуп койгула. Шаарга кирбегиле», – деп өтүндүм. Эл укту. «Сенин урматың үчүн айтканыңды кылалы, өзбектер да тынчысын, аткылашканын токтотсун», – деди. Ошентип, бул күнү эки чоң кагылышуунун алдын алып калдым.

Эртеси, 14-июнь күнү, кайрадан 20 миңдей эл Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына чогулуп, Сузакты, «Сампаны» тазалайбыз деп жөнөп калды. Куралданып алгандар да көп эле. Окуя өтө курчуп, эл сүрүлүп, «Айгүл» универмагынын тушуна жетип калды. Кандай айла-амал кылып болсо да, элди токтотуу керек эле. Ошол жерде солдаттар минип жүргөн БТРди токтотуп, суранып, жолго туура койдуруп, элдин жолун тороп, БТРдин үстүнө чыктым да элге кайрылдым.

Эч ким укчудай эмес, ызы-чуу. Эки күндөн бери эл менен жолугушуп, сүйлөй берип, үнүм да чыкпай калды. Жаныма бир үнү катуу чыккан адамды алып, анын кулагына айтып, ал элге жарыя кыла баштады. Элим, дедим, мен силерди Сузакка өткөрбөймүн. Мен алдыдагы трагедиянын масштабын көрүп турам. Ал жакта да жүздөгөн адам куралчан турат. Силердин араңарда да куралчандар көп экен.

«Мен силердин да, алардын да өлүмүн, аккан каныңарды көргүм келбейт. Эгер Сузакка өткүңөр келсе, мына, мени атып, өлүгүмдү тебелеп туруп, анан өткүлө. Бул кайгылуу кагылышуулар, ызы-чуулар менин көкөйүмө көк таштай тийди. Менин кунумду эч ким куубайт, сөз берем. Ушул каргашаны токтотуш үчүн мен өзүмдүн жанымды бергенге даярмын, тирүү турсам, силерди Сузакка өткөрбөйм», – дедим.

Эл мени «мунун акыл-эси сообу» дегедей таң кала карап, жымжырт болуп калды. Дагы кайталадым. Ошондо бир аксакал чыгып, элге карап: «Айланайындар, мен ушу жашка келип, көп окуяларды башымдан кечиргем, бирок мындайды көрө элек элем. Ушул бала биздин тынчтыгыбыз үчүн, элдин тынчтыгы үчүн өзүнүн өмүрүн кыйганга даяр болуп жатат, демек, бүгүнкү чындык ушул баланын жүрөгүндө, мен муну көрүп турам, бүгүн биз ушул баланын айтканын кылсак, жаңылбайбыз», – деди эле чогулган эл – макул, угалы дагы кандай өтүнүчү бар экен, айтсын дешти.

Мен кайрадан мурунку айткандарымды кайталадым, тирүү туруп, силерди Сузакка өткөрбөйм, тарагыла дедим. Ошондо эл: «Ушул бала биз менен эки күндөн бери чогуу жүрөт, мындан бөлөк бир дагы жетекчи, бийлик адамын көрбөдүк, айтканын кылып, тарайлы, ачууга алдырып, эки тарап тең кыргынга учурабасын», – деп тарай баштады.

Чындыгында ошол күндөрү кайсы жерге барбайын, кызматтагы бийликтин бир да адамы эл менен болгонун көргөнүм жок, мен ушуга таң калдым. Ушуну менен Жалал-Абаддагы чоң коогалаң аяктады. Эгер курчуп бараткан окуянын алдын албаганымда, чоң кагылышуу, кыргын болмок, анын жарасы адамдардын жүрөгүнөн эч кетмек эмес.

Албетте, муну менен мен өзүмдү баатыр кылып көрсөткүм келбейт, тагдырдын жазмышы менен мен ушундай кыйын кырдаалда эл менен чогуу болуп, өмүрүмдү тобокелге салган жагдайларга чейин бардым. Антпесем, артымда жүздөгөн, миңдеген адамдын өмүрү коркунучта турган. Мындай жагдайда мен ушундай чечкиндүү аракеттерди жасоого милдеттүү элем.

Ызаланган элдин жаалын басып, тынчтандырган соң, 15-июнь күнү биринчи жолу Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектердин аксакалдарын жолугуштуруп, элди ынтымакка чакырдык.

Ошондой эле, биздин чакыруубуз менен Россиянын мусулмандар муфтийинин атайын өкүлү, Дагестандын муфтийи келип, аларды Ошту, Жалал-Абадды, Сузакты толук кыдыртып, мусулманчылыкты эл достугун чыңдоого багытталган аңгемелешүүлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бул аракетибиз дагы кайсы бир деңгээлде өз жемишин берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости