www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөр таасирин тийгизген Сириянын түндүк-батышындагы аймактарга бериле турган жардамынын кечигишинин каза болгондордун санынын өсүшүнө алып келгени белгиленди. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Сириядагы жарандарга карата укук бузууларды документтештирген Сирия Адам укуктары тармагы (SNHR) өз баяндамасында Сириянын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн зыян тарткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү жана кийлигишүүдө БУУнун жана анын мекемелеринин «кечигип калганы» менен айыптады.

Баяндамада, «БУУнун жардамынын Сириянын түндүк-батышына кечигип келиши жана жер титирөө менен күрөшүүдө жергиликтүү жардам агенттиктеринин жалгыз калтырылышы урандылардын астында каза болгондордун санынын көбөйүшүнө алып келди», деген сөздөр камтылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрүнүн Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга эл аралык жардамдын кечиктирилиши боюнча жүйөсү «негизсиз» деп бааланган баяндамада БУУдан, Сириянын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга эл аралык жардамдын кечиктирилишинин себебин түшүндүргөн ички иликтөөнү ачуу сунушталды.

Кахраманмараштагы жер титирөөдө эң аз 3 миң 688 киши каза болуп, 14 миң 749 киши жараланды, алардын жарымынан көбү оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мурунку күнү каза болгондордун саны 8500 деп жарыялаган.

Последние новости