www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин орус топторунун Түркия жана Сирияда «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн  Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн жабыркагандарга алгач жардам бергендердин арасында экендигин белгилеп, аткарган иштеринен улам Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Кремль Владимир Путиндин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине видео билдирүү аркылуу кайрылуусун жарыялады.

Россиянын Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн кийин Түркия менен Сирияда да маанилүү иштерди жүргүзгөндүгүн баса белгилеген Путин буларды айтты : «Өткөн жумада Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери биринчилерден болуп келишти. Биздин куткаруучулар, куткаруучу иттерден жооптуу кызматкерлер, дарыгерлерибиз жана психологдорубуз дээрлик 24 саат иштешти. Талаа госпиталдары тез арада жайгаштырылып, издөө - куткаруу иштери уюштурулуп, көптөгөн адамдардын өмүрү сакталды».

Путин Росиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин топторуна аткарган иштеринен улам ыраазычылык билдирди.

6-февралда Кахраманмарашта болгон жана 10 облус менен Сирияга да таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп мүнөздөлүүдө.

 

Последние новости