www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде ватсап аркылуу орус тилинде жүрөктүн үшүн алган маалымат тарап жатат. Ал жерде Орусия Кытай менен биригип, Кыргызстанды бөлүп алууга даярданып жатканы тууралуу айтылат. Мунун себеби биздин мамлекет чет мамекетке, айрыкча Кытайга тышкы карыздарын акыркы мезгилдерде төлөй албай жатканы себеп болуп жатат имиш. Тереңирээк айтканда сентябрдан бери эч нерсе төлөнө элек дейт. Орусия Кара-Балтадагы «Джунхайды» Кытайлардан сатып алыптыр. Кытайларга тышкы карыздары үчүн Нарын тараптан жер берип, калганын Орусия колония кылып алат имиш. Бул маалыматка ишенсе болот:

Биринчиден, сырткы карыздардын 40 пайызы Атамбаевдин тушунда Кытайдан алынган. Аларга башка өлкөлөрдөн, эл аралык финансылык уюмдардан алынгандарды үстөктөрү менен төлөөнүн пиктик учурлары 2022-2028-жылдарга туура келет. Бул мезгилде жыл сайын бюджеттин эсебинен 30-35 миллиард сомго жакынды сырткы карыздарга төлөп турушубуз керек. Келишим менен кредиттерди алып, убагында кайтара албагандыгынан улам Намибиянын финансы министри кылып, Кытайдын бир финансы кызматкерин дайындашыптыр. Же ал өлкөнүн каржылык, экономикалык иштеринин бардыгын Кытайдын өкмөтүнүн бир өкүлү башкарат экен. Биз да мурдагы жетекчилерибиздин кыянаттыктарынан улам потенциалдуу андай коркунучту мойнубузга илип алыптырбыз.

Экинчиден, Орусия Грузиядан Абхазия, Түштүк Осетияны, Украинадан Крым, Донбасс, Луганскини, Молдовадан Приднестровияны алып койду. Учурда Орусия менен өнөктөш, ЖККУ мүчөсү Армения Карабахтагы жерлерин Түркия колдогон Азербайжанга алдырды.

Үчүнчүдөн, Кыргызстандын жаратылыш ресурстары ар кимди суктантып турат. Колония сыяктуу болсок согуштан кийин уранды шыпырып кетип, кереги жок «отходдорун» таштап кеткендей жаратылыш ресурстарын шыпырып кетет.

Бул маалыматка ишенбесе да болот:

Биринчиден, азыр ар кандай «фейк» маалыматтар тарап жатат.

Экинчиден, азыр биз колониялаштырылган мурунку кылымдарда жашап жатканыбыз жок.

Үчүнчүдөн, дүйнөлүк коомчулук деген бар. Алардан чоочулап Орусия менен Кытай жем талашкандай бөлүп кетпейт болуш керек.

Төртүнчүдөн, уйгур мусулман сепаратисттери Кытай бийлигинин кекиртегине тыгылган сөөк болуп турат. Эми ага кыргыздарды кошуп кереги барбы?

Бешинчиден, Түркия Азербайжан аркылуу Кавказда жеңишке жетишкен соң, Борбор Азиядагы түрк туугандарын, айрыкча кыргыз элин ар кимге жем кылып бербейт болуш керек. Эрдоган менен жакшы мамиледе болуш үчүн гүленчи Билим министрин кызматынан кетириш керек.

Алтынчыдан, ансыз деле Кыргыз Республикасы Кантта Орусиянын аскердик базасын кийирип, ЖККУнун (ОДКБ) мүчөсү, экономикалык жактан ЕврАзЭС аркылуу Орусиянын стратегиялык өнөктөшү.

Эң башкысы президенттикке талапкер болуп, талпынып турган Садыр Жапаров маалымат жыйын өтүп жатып, Нарындан Кытайга топурак да берилбейт баса белгилеп кетти.

Жырткычтарга жем болбош үчүн кыргыздар биригип, бир адамды колдобосок болбой калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости