www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия убагында медициналык мекемелерге көмөктөшкөн миңдей айдоочунун жол эрежесин бузуу боюнча айыптары кайра каралып, айрымдары жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев билдирди.

«Азыркы тапта да эреже бузуу боюнча айып каттар айдоочулардын дарегине жиберилип жатат. Бирок пандемияда медиктерге колдоо көрсөткөн айдоочулар 10 күндүн ичинде бизге кайрылып, талап кылынган документтерди алып келсе, атайын комиссия айыпты жокко чыгарууну кайра карап берүүгө даяр», — деди Исаев.

Анын айтымында, аппараттык-программалык комплекстер коюлган күндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин 1 млн 970 миңден ашык бузуулар катталган. Ошол эле учурда бузуулардын 57 %ынан 1 млрд 220 млн сомдон ашык акча мамлекеттин казынасына түштү.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости