www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Биримдик Кут» конушунда жашаган мектеп окуучулары үчүн каттамга чыккан мектеп автобустарынын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдан бери каттамда эки автобус иштеп келген. Учурда кошумча дагы бир автобус бөлүндү.
Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында аталган конушка кошумча светофордук объектилерди орнотуу да пландалууда.
Мындан тышкары, келечекте схемага ылайык жаңы автобус каттамын ишке киргизүү каралган. Анын ишке кириши конуштун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, жашоочулардын жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда окуучуларга жык толгон автобустун видеосу тараган. Жергиликтүү тургундун айтымында, аталган конушта болжол менен 900 мектеп окуучусу жашайт. Ал жерде мектеп жок болгондуктан, балдарды башка райондордогу мектептерге сабакка алып барууга туура келет.