www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы менен ыкчам кеңешме өткөрдү.
Жыйында ыкчам ишти уюштуруу, кылмыштарды ачуу жана алдын алуу, ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларын өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Нурбек Абдиев жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү, ыкчам-издөө иштерин сапаттуу жүргүзүү жана кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл чараларды көрүү маанилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, кызматтык тартипти бекемдөө, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн өз ара координацияланган ишин камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында мындан аркы иштин негизги багыттары аныкталып, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган милдеттер коюлду.