www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык корпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук кайрымдуулук жардам көрсөттү.
Жардам 1-октябрда ТИМде өткөн жолугушуунун алкагында Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча тапшырылды. Иш-чарага ТИМ башчысынын орун басары Кайрат Турсункулов, дипломатиялык корпустун дуайени, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода жана мектеп-интернаттын өкүлү А. К. Алымкулова катышты.
Мектеп-интернатка 300 миң сомдук сертификат жана тарбиялануучулар үчүн таттуу белектер тапшырылды.
Жолугушууда балдарды колдоо, билим алуусуна жана тарбияланышына жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы биргелешкен демилгелердин маанилүүлүгү белгиленди.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгында Кара-Суудагы дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатка 362 130 сом, ал эми Панфилов атындагы мектеп-интернатка 300 миң сом багытталган.