www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөнүүгө тийиш болгон 132 млн сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү.

Маалыматка ылайык, «А.О.» ЖЧКсы 2021–2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгаргандыгы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында төлөгөн эмес.

Прокуратуранын маалыматына караганда, бул талаптар Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдү аныктоо методикасынын талаптарына каршы келген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде ишкана тарабынан 132 млн 148 миң 843 сом толугу менен мамлекеттик бюджетке төлөндү.

Последние новости