www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын финалына чыкты.
Ал 90 кг чейинки салмак категориясында алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону иппон ыкмасы менен мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Чейрек финалда Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда утуп, жарым финалга жолдомо алган.
Жарым финалда кыргызстандык спортчу Өзбекстандын өкүлү Нурбек Муртозоев менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Эми Эрлан Шеров алтын медаль үчүн Япониянын өкүлү Рику Окада менен күч сынашат.
Финалдык беттеш бүгүн, 2-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.