www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерликти көрсөтүү процесси жүрүүдө. Учурда БШКга эч ким арыз менен кайрыла элек. Бул тууралуу БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, талапкерликти көрсөтүү 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт. Талапкерлер өзүн өзү же саясий партиялардан көрсөтүлүшү мүмкүн.

Ал учурда шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка даярдык иш-чаралары өткөрүлүп жатканын маалымдады.

Бирок, буга чейин мурдагы ИИМ башчысы Өмүрбек Суваналиев жана мурдагы каржы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкер болуу ниетин билдиришкен.

Эскерте кетсек, өлкөдө президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Последние новости