www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдыдагы президенттик шайлоо жакындаган сайын Талант Мамытовдун Жалал-Абаддагы активдүүлүгү коомчулуктун көңүлүн бурууда.
Дегенибиз, Мамытов аймакта «бийликке жакын» деген имиштерди таратып, жергиликтүү таасирдүү жигиттерди өз тарабына тартууга, моюн сунбагандарды “тизеге чабууга” аракети күч дешет. Ошондой эле Мамытовдун Шайырбек Ташиев менен болгон куда-сөөк (уулуна өкүл ата койгон) мамилесин пайдаланып, Сузактагы Ташиевдердин тарапташтары менен байланышын күчөтүп, бери жакта аларга нааразы элдин массасын көбөйтүп, ортодо ботко чалып жатканы чоң сөз болуп жатат.
Мындай аракеттер чын эле болуп жатса, Жалал-Абаддагы саясий-коомдук тең салмакка таасир этпей койбойт. Минтип Мамытов Жалал-Абадда жеке саясий таасирин күчөтүп жатканы жакшы эмес. Тез арада Талант Мамытовдун тизгинин тартпаса көп маселе жаралчудай.