www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө.

Алгач, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге аянтка келип, майрамдык салтанатты расмий баштады.

Белгилей кетсек, майрамга мамлекет башчы башына ак калпак, ал эми биринчи айым ак элечек кийип келди. 

Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталды. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.

Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары өтөт. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости