www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытай лидери Си Цзиньпин Кремлде бетме-бет форматта жолугуп, андан кийин кечки тамак үстүндө сүйлөшүүнү улантышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Башчылардын айткандарынын урунттуу учурлары:
Путин Украинадагы кризисти чечүү боюнча Кытайдын сунуштарын кылдаттык менен окуп чыкканын айтты. Лидерлер аны талкууламакчы;
Россия президенти Москва менен Пекиндин бирдиктүү аракети дүйнөлүк тартиптин жана көп полярдуулуктун негизги принциптерин бекемдээрин айтты;
Си Цзиньпин Россияга Кытайды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. “Кытай менен Россия — ар тараптуу стратегиялык өнөктөштөр, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле өтө тыгыз”, — деди ал;
Кытай лидери Россия Путиндин аркасы менен гүлдөп-өнүгүүгө жетишкенин айтты;
Эске салсак, Си Цзиньпин Россияга мамлекеттик иш сапары менен келген. Расмий жолугушуулар эртең Кремлде болот.