www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Биринчи Май районунда бир катар конуштардын жашоочулары менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушуулар «Умут», «Пригородный», «Теңдик», «Биримдик», «Соң-Көл», «Маевка» конуштарында, ошондой эле 313, 307, 390 жана 378-контурларда өттү. Ага мэрдин орун басарлары, Биринчи Май райондук администрациясынын жетекчилиги жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Жашоочулар аймактардын санитардык абалы, таштандыларды өз убагында чыгаруу, курулуш объектилеринен чыккан чаң, жолдордун абалы, таза суу, электр энергиясы, газдаштыруу жана канализация маселелерин көтөрүштү.
Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруу, коомдук транспорт, аялдамалар жана светофорлор, жер мунапысы, турак үйлөргө жана жер тилкелерине документтерди мыйзамдаштыруу, мектеп жана бала бакчалардагы орундар, пандустарды орнотуу жана балдар аянтчаларын куруу боюнча маселелер айтылды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тиешелүү муниципалдык кызматтарга тапшырмалар берилип, айрым маселелер жеринде каралды.
Жашоочулардын кайрылууларын кароо жана көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча иштер улантылат.