www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгону кабарланды. Окуя 17-сентябрда Жыгач-Коргон айыл аймагында болгон.
Маалыматка караганда, 10-11-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө 10-класстын окуучусу оор жаракат алган. Ал ооруканага жетпей каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») менен кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 2009-жылы туулган А.К. жана 2008-жылы туулган К.Ж. аттуу эки өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.