www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чилиде биринчи жолу карантин эрежесин бузган адамга түрмөгө киргизүү өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган жугуштуу илдеттин айынан көптөгөн өлкөлөр карантин эрежелерин киргизишкен. Мында коюлган белгилүү эрежелер сакталышы керек эле. Ал эми Чилиде карантин эрежесин сактабаган адам 61 күндүк мөөнөткө түрмөгө киргизилген.

Жаза алган адам көчөдө эрежени сактабаганы аз келгенсип, полиция кызматкерлеринин көзөмөлүнөн дагы качууга аракет кылган. Мындан улам ал 61 күндүк мөөнөткө абакка киргизилген. Жаза алган адам 27 жашта жана ал мурун дагы соттолгон деп жазылат маалыматта.

Учурда Чилиде карантин уланып жатат. Өлкөдө жалпысынан 154 миң 92 адам COVID-19 илдетине чалдыккан. Алардын ичинен, тилекке каршы, 2 миң 648 бейтап каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости