www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Болот Шер комага түшүп калды

Экс-депутат Болотбек Шерниязов инсульт алып Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу маалыматты эл өкүлү Максат Сабиров Kaktus.media басылмасына тастыктады.

Депутаттын айтымында, бир нече саясатчылар менен бирге Болотбек Шерниязовдон кабар алуу үчүн ооруканага барып, кирүүгө аракет кылганы менен аларды дарыгерлер реанимацияга киргизген эмес.

Белгилей кетсек, Болот Шер буга чейин эки жолу инсульт алган. 

Бул маалыматты мурдагы премьер-министр Темир Сариев да тастыктап, кечээ, 12-июнда Болотбек Шерниязов Магниттик-резонанстык томографиядан текшерүүдөн өткөндөн кийин комага түшүп калганын кабарлады. Кечке жуук анын абалы оор деп бааланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости