www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын тургунун ырайымсыздык менен өлтүрүү боюнча жаңы жагдайлар чыгууда. Укук коргоо органдарынын маалыматында, 5-августта болжол менен саат 14:00 чамасында Жалал-абаддын тургуну, 1967-жылы туулган А.Д. өзүнүн “Тойота Аурис” унаасы менен келатып, жолдон жолуккан 30-35 жаштагы азият түспөлүндөгү жолоочуну алып алган.

Барпы айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылынан өтүп баратканда, жолоочу күтүүсүздөн айдоочуга курч миздүү нерсе менен сайгылап кирген. Айдоочу унааны токтотууга аракет кылып, айылдагы кыш заводдун жанындагы зым карагайды сүзүп токтогон.

Кол салган адам изин жашырып кеткен. Айдоочу Жалал-Абад облустук ооруканасыныг жандандыруучу бөлүмүнө жеткирилип, ал жерде жан берген. Текшерүүдө анын көкүрөк тушунан жана далысынан жараат аныкталган. Оку боюнча Сузак ИИБи Кылмыш кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту менен (“Өзгөчө ырайымсыздык менен өлтүрүү”) кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк, кылмыш болгон жерде иликтөөдө унаанын ичинен кат табышкан. Анда “Эгерде башка бирөөнүн аялы менен ойносоң, ушинтип жооп берип каласың” деген жазуу болгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү аныкталган. Криминалдык милициянын кызматкерлери 12-августта Орусиянын жараны, Сузак районунун Ырыс айылк өкмөтүндөгү Жаркыштак айылынында убактылуу жашап турган, 1982-жылкы Ш.М. кармашкан

Жалал-Абад облустук ИИБнин маалыматында, каза болгон адам Жалал-Абад шаарында акча алмаштыруучу жайда иштеген. Окуя болгон күнү ал Кара-Суу базарынан кайтып келаткан.

Сурак учурунда шектүү каза болгон адам менен тааныш эместигин айтты. Тергөө унаадагы кат жазгыруучу ыкма экенин, өлтүрүүнүн түпкү себеби акча каражатын ээлеп алуу болгон деген версияны кароодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости