www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хорезм облусунун Кушкупир райондук соту "самосуд" уюштуруп, кызды сабаган аялдардын тобуна өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылы 9-июнда кечке жуук Хорезм облусунун Кушкупир районундагы Окдарбанд айылынын аялдары 20 жаштагы Х.О. атту кызды сабашкан. Бул ишке баргандыгынын себеби Х.О аттуу кыз аялдардын биринин уулунун үй-бүлөсүн бузуп жаткандыгына түрткү болгон. Алгач, төртөө кыз менен урушуп, андан соң таяк менен сабап, андан кийин чачын кыркып, денесине жеңил жаракаттарды келтиришкен.

Аялдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин (адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык) негизинде 277-берененин 2-бөлүгүнүн "б" жана "г" пункттары боюнча кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучунун аялдарга эч кандай дооматы жок экендигин эске алып, Кушкупир районунун соту аялдардын үчөөнү 1 жыл 6 айга, төртүнчүсүн эркиндигинен 1 жылга ажыратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости