www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда алдамчылыкка шектүү деп изделип жаткан адам Москвадан кармалды. Аны Орусиянын полициясы Кыргызстандын ички иштер минстрлигинин өкүлчүлүгүнүн көмөктөшүүсүнүн негизинде кармаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран өз мекенинде кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекет аралык издөөгө алынган.
“Укук коргоо органдары анын кайда экенин аныкташкан. Ыкчам издөөнүн жүрүшүндө Э.А. аттуу 61 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Ал 2015-жылдын май айында DAF үлгүсүндөгү автоунаа сатып алып, автомобилдин наркынын бир бөлүгүн гана төлөп, калган сумманы төрт айдын аралыгында кутулам деп убада берген. Бирок жасалма ишеним кат жасатып, машинаны үчүнчү жакка сатып жиберип, качып кеткен”, - деп билдирди ИИМ.
Булак: NazarNews.kg