www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кечеде кечээ күнү ойго келбеген кырсык катталды. Бул тууралуу Нарын ОИИББнин басма-сөз кызматы билдирет. Анда “Кыргызкөмүр” ишканасынын күзөт кызматкери Жумгал РИИБне телефон чалып, жаш жигит эки “КамАЗ” унаасынын ортосуна кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымдаган.
Маалым болгондой маркум Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1965-жылы туулган тургунунун «КамАЗ» жана Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын 1986-жылы туулган жашоочусунун оор жүк ташуучу транспортуна жол көрсөтөм деп унаалардын ортосунан чуркап бара жатып, эки чоң унаанын ортосунда кыпчылып калган. Окуя болгондон кийин жабырлануучу ооруканага жеткирилигени менен ал эсине келбей жан берген.
Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Анын артында аялы жана 3 баласы калды. Ал 29 гана жашта болчу.
Булак: NazarNews.kg