www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку Кеңештин алдына 2020-жылдын бюджетин алып келди. 2019-жылдагы бюджеттен кошумча алты миллиард сом мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө жумшалып, келерки жылы да айрым бюджеттик мекемелердин айлыгын көтөрүү планда бар экенин эске алсак, кийинки жылга үч миллиард сом гана тартыштыкты жаратат дегени азыркы өкмөттүн жөө жомогуна жакын. Ырасында, бюджет азыр ит ыйлагыдай абалда, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

2019-жылдагы бюджетти колдоого сырттан болгону отуз миллион доллар орус бийлиги тарабынан берилди. Ал жетпей калып, аргасыз Өзбекстандан насыя 100 миллион доллар алууга мажбур болгонбуз. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин "Эки жылдан бери сырткы донорлордон бюджетти колдоого акча албай, жалаң өз күчүбүз менен чыгашаларды жаап жатабыз" - дегени карандай калп.

Анда Өзбекстандын 100 миллион доллары, Россия өкмөтү берген 30 миллион доллар акча кайда жумшалды? Экинчиден, азыркы өкмөт октябрь айында эле үчүнчү кварталдын жыйынтыгы менен тогуз айлык отчетту шылтоолоп электр энергияга болгон төлөмдөрдөн баштап, салыктын бардык түрлөрүн ишкерлерден, чоң компаниялардан чогултуп алган. Бул факт, Себеби 2019-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча көп көйгөйлөр жаралып, декабрь, келерки жылдын январь, февраль айларында бюджеттик мекемелерди финансылоо токтоп калуу коркунучу бар эле.

Азыркы финансы министри банк тармагын гана билгени менен бюджеттин чыгаша, киреше бөлүгүн билбеген кадр. Финансы тармагындагы адистер ириде киреше эмес, чыгаша бөлүгүн так эсепке алмайынча биздин бюджетке төгүлгөн каражаттар сууга агып кете берээрин азыркы өкмөт билбегени таң калычтуу. Мына ушул себептерден улам Жогорку Кеңештин финансы жана экономика комитетинин мүчөсү Улан Примовдун оозу менен уранды иштетүүгө, казинолорду кайра ачууга сунуш киргиздирип жатат.

Маселени ачык айтканда өкмөттө киреше булагы жок. Өлкө ичиндеги айланган 2 миллиард долларга жакын накталай акчанын дээрлик Зтөн бири сыртта чыгып, калктын жону жукарып, каатчылыктын белгилери сезиле баштады. Азык-түлүккө болгон баалар кескин көтөрүлдү. Арагасы кеткен өкмөт, казынаны кантип толтуруштун жолун таппай, элдин келечегине зыяны эбейгесиз болгон уран, казино маселесин кайрадан көтөрүп жатат. Дал ушул жерде өкмөт чапчаңдык кылып, электрондук каражат аталып дүйнөдө практикалана баштаган блокчейн системасын сунуш кылса болмок. Биздин өкмөттүн ага башы жетиши кайдан?

Экинчиден, мамлекеттик мүлктө иштебей турган же банкроттук абалдагы ишканалар үчүн баалуу кагаз, облигациядарды чыгаруу менен аларды ишке киргизүү үчүн, ички инвесторлорго шарт түзүп, мыйзамдуу укуктарынын корголушун мамлекет өз кепилдигине алып, жумуш орундарын камсыз кылуу аркылуу, чала жан ишканаларды ургалдуу иштетүүнүн жолун сунуш кылышы керек эле. Мына ушул жолдорду сунуштоонун ордуна биздин бийлик бир телеканалын жөндөп иштете албай (ПРАЙМ каналы дал ушул депутатка тиешелүү) Ош шаарындагы «Адыгине» чайканасына чоңдорду сыйлап, кийинки шайлоо камын жеп жүргөн Примовдун оозу менен казинолорду кайра ачалы деп жүргөн өкмөткө жол болсун.

Деги эле Улан Примовдун бейнесине бүгүнкү күнү жакшы сөздөр айтылбай келет. «Бел-Алма» көмүр кенинен баштап, он бир лицензияга ээлик кылган бул депутаттын ишмердүүлүгүнө Ош облусунун жашоочулары анчалык ыраазы эмес. Мамлекет салып берген кара жолду дал ушул кишинин оор жүк ташуучу унаалары талкалап жатат. Анан эле жол талкаланды деп мамлекетке жүгүн артып башташат. Экинчиден, азыркы депутаттардын арасынан Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров баш болуп казинолордун жабылышын колдогон саясий күчтөрдүн аракетине каршы чыгып, Улан Примовдун казинолорду кайра ачалы деген пикиринде чоң мандем бар...

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости