www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 2019-жылдын башынан бери Мамлекеттик каттоо кызматы 36 жасалма паспорт бергенин айтты. Булар боюнча милиция сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин Башкы прокуратура кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жасалма паспорт берилгени тууралуу кылмыш ишти сотко өткөрүп бергенин билдирген.

Жергиликтүү маалымат булактарынын иликтөөсү боюнча Саймаити Кыргызстандан мыйзамсыз 700 млн доллар которулган ишке тиешеси бар. Ал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Ишкердин өлүмүнө шектүүлөр аны 1 млн 250 миң доллар карызы үчүн өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Саймаити Түркияда Эркин Самятовдун наамына мыйзамсыз берилген кыргыз ID-картасы жана чет мамлекетке баруу үчүн берилүүчү паспортту пайдаланып жүргөнү аныкталган.  

Документ ага Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бөлүмү тарабынан берилген. Бөлүмдүн адисине “мыйзамсыз паспорт берүү”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “документтерди жасалмалоо” беренелери боюнча айыптар коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости