www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-июнда “Nomad Express: Музыка, маданият, мода жана салттар аркылуу саякат” аттуу маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Nomad Express” долбоору Кыргызстандын улуттук маданиятын жайылтуу, салттуу искусствону сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн артисттери, музыканттары, дизайнерлери жана маданий тармактын өкүлдөрү ортосунда чыгармачыл кызматташууну өнүктүрүү максатын көздөйт.
Долбоордун алкагында Бишкек – Балыкчы – Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди көчмө маданий аянтчага айланып, катышуучулар үчүн концерттик программа, улуттук музыкалык аспаптарда аткаруулар, элдик бийлер, ошондой эле улуттук салттарды заманбап өңүттө чагылдырган мода көргөзмөсү уюштурулду.
Мындан тышкары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар үчүн алдыдагы оюндарга жана өлкөнүн маданий-туристтик потенциалына арналган атайын презентациялар көрсөтүлдү.
Иш-чара Балыкчы шаарында уланууда. Коноктор үчүн аймактын маданий мурасы, салттары жана туристтик потенциалы менен тааныштырууга багытталган мазмундуу программа даярдалган.