www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 5-июнда Бишкек – Балыкчы пляж – Бишкек багыты боюнча №608/609 жүргүнчү поезди жайкы туристтик сезондун алкагында каттай баштады.
Поезд Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 08:06да жолго чыгып, саат 12:37де Балыкчы шаарына жетип, жүргүнчүлөрдү Ысык-Көлдүн жээгине жеткирди.
Сезондун ачылышына байланыштуу Бишкек-2 темир жол бекетинде «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы майрамдык иш-чара уюштурса, Балыкчы шаарынын мэриясы поезд менен келген конокторду салтанаттуу тосуп алды.
Быйыл поезддин курамына эки модернизацияланган, жогорку ыңгайлуулуктагы вагон кошулду. Учурда курам жалпы 14 вагондон турат. Анын алтоосу стандарттуу облус аралык вагон болсо, сегизи заманбап талаптарга жооп берген ыңгайлуу вагондор болуп саналат.
Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн учурда кошумча вагондор тиркелет.
Поезддин графигине ылайык, 5-июндан 21-июнга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 26-июндан 13-сентябрга чейин каттам күн сайын жүргүзүлөт.
«Кыргыз темир жолу» белгилегендей, Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди Ысык-Көлгө эс алууга багыт алган жарандар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана жеткиликтүү транспорттук кызмат көрсөтүүнү камсыздайт.