www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйынынын алкагында Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Беларусь Республикасынын ички иштер министри Иван Кубраков менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Беларустун укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Өзгөчө көңүл уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, киберкылмыштуулукка жана коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан башка көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө бурулду. Ошондой эле адистердин тажрыйба алмашуусун кеңейтүү, алдыңкы ыкмаларды колдонуу жана кадрларды даярдоо боюнча биргелешкен программаларды өнүктүрүү маселелери каралды.
Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы ишенимдүү диалог эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын натыйжалуу кызматташуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Иван Кубраков Беларусь тарап өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин айтып, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун жана практикалык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоо багытында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.