www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда баңгизаттын таасири астында унаа башкарган айдоочу аныкталды.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖКККББ кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын алкагында Токмок шаарына жакын аймакта Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
Текшерүү учурунда унаанын мурдагы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн төлөнбөгөн айып пулдары бар экени аныкталган.
Айдоочу медициналык күбөлөндүрүүгө жеткирилип, текшерүүнүн жыйынтыгында анын баңгизаттын таасири астында унаа башкарганы белгилүү болгон.
Айдоочуга карата тиешелүү материалдар даярдалып, автоунаа атайын айып короо жайына киргизилди.
ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана мас абалында унаа башкарбоого чакырат.
Мындай мыйзам бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өлкө аймагында улантылууда.