www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия 8-июлдан тарта дизель майын экспорттоого убактылуу тыюу салды. Чектөө 31-июлга чейин күчүндө болуп, өкмөттүк келишимдер боюнча гана айрым жеткирүүлөргө уруксат берилет. Бул чечим өлкө ичиндеги күйүүчү май рыногун турукташтыруу жана айыл чарбасын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Экспорттун азайышы июнь айында эле башталган. Орусиядан чет өлкөгө чыгарылган дизель көлөмү 14,8 млн баррелди түзүп, мурдагы айларга салыштырмалуу кыйла төмөндөгөн.

Орусиянын негизги кардарлары болгон Түркия менен Бразилия эми башка жеткирүүчүлөргө өтүүгө аргасыз болууда. Түркия дизелди Индиядан алып, кампадагы запастарын колдонуп жатат. Ал эми Бразилия АКШдан күйүүчү май импорттоону көбөйтүүдө.

Экспорттун чектелиши дүйнөлүк рынокто дизелдин баасынын өсүшүнө алып келди. Аймактагы айрым өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да күйүүчү май жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып, бензин экспортун чектөө чаралары көрүлдү.

Адистердин айтымында, Орусиядагы өндүрүш толук калыбына келмейинче экспорттук чектөөлөр узартылышы мүмкүн.

Последние новости